www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КЭР Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуу КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аянтында кыргыз жана кытай делегацияларынын катышуусунда өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы санитардык-эпидемиологиялык чаралардын алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Тараптар КР пезиденти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.
Мындан тышкары, талкуунун күн тартибинде тараптардын мамлекеттеринде жана чек ара аймактарында орун алып жаткан эпидемиологиялык абал, инфекциянын чек ара аркылуу таркалышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле көзөмөлдү жөнөкөйлөштүрүү аркылуу оптималдаштыруу мүмкүндүгү тууралуу суроолор камтылган.
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү жана «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Арзыбек Кожошев белгилегендей, мындан ары карай эки мамлекеттеги эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кыргыз-кытай чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарлардын көлөмүн жогорулатуу үчүн күч-аракет жумшоо зарыл экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Лю Суше билдиргендей, учурда Торугарт жана Эркештам өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын саны пандемияга чейинки мезгилге жетти, ал эми Кытай тарап консенсуска жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мындан ары иш алып барууга даяр экендигин билдирди.
Буга катар кыргыз тараптын сунушу менен кытай тарап чектеш өткөрүү пункттарынын иштөө убактысын узартуу маселесин кароо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу протокол кабыл алынып, ишкер байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Булак: NazarNews.kg