www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК Ош шаарынын мэри Ж.Токторбаевдин башка региондордогу автоунаа айдоочулары үчүн Ош шаарына кирүү үчүн акы төлөтүү демилгесине карата төмөндөгүлөрдү билдирет.
УКМК Ош шаарынын мэринин бул демилгесин колдобойт! Ошол эле учурда КР УКМК жетекчилиги Түштүк борборго кирүү үчүн төлөм киргизилген учурда коомчулукта терс реакция болот, башкача айтканда бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот деп эсептейт. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт!
Мындан ары КР УКМК бардык кызмат адамдарын (мэрлер, акимдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү ж.б. жетекчилер) ушул сыяктуу туура эмес идеялар жана билдирүүлөр менен чыкпоого чакырат.
Ошондой эле, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-кампаниялар менен алек болбостон, Кыргыз Республикасынын облустарынын жана шаарларынын тургундарынын курч көйгөйлөрүн чечүүгө чакырат.
Булак: NazarNews