www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түп районунда баасы 163 млн 945 миң сомго бааланган эс алуу лагери жана ага тиешелүү 6 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Бул тууралуу Түп районунун прокуратурасы билдирди.
Маалыматка караганда, жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө 2008-жылы Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан Түп мамлекеттик атайын чарбасына таандык эс алуу лагеринин мүлктүк комплекси 6 гектар жери менен мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жеке жактарга өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Прокурордук чаралардын жыйынтыгында мүлктүк комплекс жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, социалдык багыттагы объекттер менчиктештирүүгө жатпайт жана максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы керек.
Мындай объекттерди мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүү фактыларын аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантылууда.