www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрда Түп районунун Түп айылында ички иштер министринин биринчи орун басары А.Бийбосуновдун катышуусунда милиция кызматынын жаңы участкалык пунктунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, милиция кызматынын участкалык пунктунун жаңы имараты райондук борбордун чок ортосунда жайгашкан, анда административдик имараттар, мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар, соода борборлору, автовокзал жана базарлар көп топтолгон.

ИИМ башчысынын орун басары чогулгандарга кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар, милдеттери, иштөө принциптери тууралуу айтып берди.

Бул милдеттерди аткаруу үчүн мамлекет башчысынын жарлыктарынын, министрлер кабинетинин токтомдорунун, чечимдеринин, буйруктарынын жана тапшырмаларынын алкагында министрлик өз ишин беш багытта жүргүзүп келүүдө:

- калкка сапаттуу сервистик кызматтарды көрсөтүү, кесипкөй кадрларды даярдоо, милициянын жаңы заманбап образын түзүү жана иштөө үчүн шарттарды түзүү;

- коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү;

- калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу;

- жарандардын арыздарын объективдүү кароо жана адилеттүү иликтөө жүргүзүү;

- коопсуз мамлекеттин стандарттарына жооп берген санариптик системаны жана технологияларды өнүктүрүү.

Облустук милиция эски форматтан арылып, жаңы заманбап стандарттарга жооп берген "калкты тейлөө" жаңы функцияларын иш жүзүндө колдонууда. Жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн милициянын 7 көчмө кабылдамасы күн сайын элге чыгат, аларды милиция кызматкерлери гана эмес, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да тейлешет. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жагымдуу шарттарын түзүү үчүн ар бир райондук жана шаардык ички иштер бөлүмүндө "бирдиктүү терезе" режиминдеги борборлор иштейт.

Заманбап милициянын аймактык пунктунун курулушу Түп айыл өкмөтүнүн эсебинен 1,5 миллион сомго бүткөрүлүп, ишке берилди. Учурдун талабына толук жооп берген милиция кызматынын аймактык пункту район тургундарын жана меймандарын кабыл алуу, коомдук коопсуздукту сактоо жана жарандарга өз мезгилинде жардам көрсөтүү үчүн толук ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости