www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 26 жаштагы майып кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кыз 29-июлда дайынсыз жоголгон. Ошол күнү ал чоң энеси жашаган Түптөн Караколго кетмек болуп, аны кичи автобуска салышкан. Бирок кийинчерээк эки белгисиз адам аны күч менен базардын аймагындагы унаага салып кетишкен. Уурдалгандан кийин жабырлануучунун телефонун алып ыргытып салышкан. Туугандарынын айтымында, кызды күч менен Түп районундагы кашарга алып барып, системалуу түрдө зордуктап, сабап, тамак жасатып, мал кайтарууга мажбурлашкан. Мындан сырткары кыз экинчи топтогу майып, тагыраагы анын угуусу жана сүйлөө жөндөмү начар. Жабырлануучу чоң кишидей көрүнгөнү менен өзүн жаш баладай алып жүрөрүн жакындары кошумчалашты.

Бул факты Түп районунун ички иштер органдарынын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМдин басма сөз кызматы кошумчалады.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н., Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде Түп РИИБнин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

Экинчи шектүүнүн да өздүгү такталды. Ал Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган Б.Н. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт: Black.list.kg

Последние новости