www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевдин баса белгилей турчу бир артыкчылыгы бар. Анын кыргыз тилине өзгөчө көңүл буруп, парламенттин жыйынында башкалардан дагы ошону талап кылганы кубантат.
Бул сапатын коомчулук да колдоп, кубаттап жатат. Эл деген тараза. Жакшы ишти өздөрү көтөрүп, колдоп алышат.
Мына жарнама ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоору боюнча да купулга толгон мекенчилдигин көргөздү.
Төрага маселенин олуттуулугун эске салып, өз сөзүндө:
“Сунушталган мыйзам жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан маанилүү. Андыктан буга жеңил-желпи кароого болбойт. Айрыкча, бүгүн отурумга чакырылгандардын жооптору такыр канаттандырбайт. Эгер тийиштүү жетекчилер натыйжалуу иштегенде борбор калаабыз азыркыдай абалга келмек эмес. Шаарыбызды аралап көрсөк, борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар дээрлик башка тилде жазылган. Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт”, - деп билдирди.
Муну менен катар тармакты көзөмөлдөгөн жетекчилердин ишмердүүлүгүн сынга алып, калаа башчыларын жарнама ишин көзөмөлдөөгө чакырды.
Ырасында, Шакиев кыргыз тилин өнүктүрүүгө, Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тили баркталууга тийиш экенин айтып, талап кылганы, кыргыз болуп туруп кыргыз тилинде сүйлөгөндөн ардаган маңкурттарга үлгү.
Өзгөчө кыргыз тили десе эле куйкасы куруша берген Көкүлов өңдүүлөрдүн тизгинин тартып турса жакшы болмок. Төраганын жакшы иштерине ушулар көлөкө түшүрүп, тоскоол болуп, артка тартат да.
Булак: NazarNews.kg