www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы иш сапары Кайыңды шаарында уланды. Бул тууралуу ЖК басма-сөз кызматы билдирди. 

Төрага “Ата-Журт” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге Чүйдүн батыш тарабында жайгашкан өндүрүштүк калаадагы социалдык-маданий жайлардын абалынан кабар алды. 

Алсак, Кайыңды шаарындагы жалгыз кант заводуна таандык болгон эски маданият үйү авариялык абалга кептелип, учурда калаада маданий жай жок. Андыктан, жергиликтүү тургундар Жогорку Кеңештин Төрагасынан жаңы маданият үйүн курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан учурда, борборго жакын шаарлардын абалы көңүл сыртында калбашы керектигин белгилеген Төрага: “Кезинде Кайыңды Кыргызстанга эле эмес, жалпы чөлкөмгө белгилүү шаар эле. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары башка шаарлардай эле бул калаа да каралбай, социалдык-инфраструктуралык маселелери көбөйгөн. Буга эскилиги жеткен ушул маданий жай анык мисал. Андыктан, тиешелүү министрлик тез арада каражат бөлүп, көп функционалдуу имарат салынышы керек”, - деди.

Коштоп жүргөн маалымат, маданият жана жаштар саясаты министринин орун басары Төрагага жаңы маданият үйүнүн долбоорун көрсөттү. Нурланбек Тургунбек уулу социалдык мекемелерди курууда, айрыкча маданий жайларды салууда улуттук колоритти эске алуу талабын коюп, долбоорго түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. 

Андан соң Төрага баштаган депутаттар Панфилов районундагы маданий-агартуучу жана ден соолукту чыңдоочу борбор курула турган аймакты көрүп, долбоору менен таанышты. 

Жергиликтүү жетекчилер аталган борбор мамлекет тарабынан ипотекалык негизде салына турган турак-жайларга катар жайгаша тургандыгын белгилешти. 

“Соңку үч-төрт жылдан бери мектеп, бала бакча жана ооруканаларды курууга аракет кылып келсек, эми ден соолукту чыңдоочу борборлорду, маданий-агартуучу жайларды салууга басым жасашыбыз керек. Себеби, мамлекетибиздин башкы байлыгы эл. Элдин саламаттыгына жана билимине кам көрүп, маданиятыбызды да көтөрүүгө көңүл бурсак кубаттуу мамлекетти куруу максатыбызга жетебиз. Аталган багыттар бири-бирин толуктаган, артыкчылыктуу тармактар болуп саналат”,- деген Төрага сунушталган долбоорду да тез арада куруп, аягына чыгаруу талабын койду. 

Муну менен катар элдин турмушун жакшыртууга багытталган мындай саамалыктар бардык аймактарда уланышы керектигин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Тургундарга жеринде шарт түзүлсө ички жана тышкы миграциялык абалды да жөнгө салууга болот. Анткени, миграциялык агым жумушсуздуктан эле эмес, социалдык-инфраструктуралык абалдын начардыгынан да азайбай келет. Биз, Жогорку Кеңеш аталган маселеге артыкчылык берип, бул багыттагы тиешелүү мыйзамдык базаны өнүктүрүүнү улантабыз”, - деди. 

Последние новости