www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп чек арада өзгөчө кырдаал жарыялап, Капитолийди басып алгандарды кечирип, АКШнын жарандыгын төрөлгөн жери боюнча берүү укугун чектеп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ) жана Париж келишиминен чыгуу иштерин баштады.
Ак үйдө иштеп баштаган биринчи күнүндө эле республикачы президент шайлоо алдындагы убадаларын ишке ашырган 100гө жакын буйрукка кол койду. Мисалы, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн алкагында ал Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизип, мыйзамсыз мигранттарды жапырт депортациялоого шарт түздү. Ошондой эле, Трамптын жарлыктары качкындарды жайгаштыруу программаларын токтотуп, АКШда төрөлгөн мигранттардын балдарына тубаса жарандык алуу укугун чектеди.
Республикачыл лидер мунай жана газ сыяктуу жаратылыш ресурстарын казып алуу жана өндүрүү иштерин күчөтүүгө багытталган саясатты киргизди. Андан тышкары, АКШны Париж климаттык келишиминен чыгуу процессин баштап, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын алкагындагы бардык каржылык милдеттенмелерди токтотууну буйруду.
Трамп түрмө жазаларын кыскартып, 2021-жылдын 6-январында Капитолийге болгон чабуулга катышкан 1000ден ашуун адамга карата кылмыш иштерин токтотууну тапшырды. Мындан тышкары, ал АКШнын расмий саясаты катары эки гана жынысты – эркек жана аялды таанууну бекитти, өлүм жазасын федералдык деңгээлде калыбына келтирүү буйругун берди жана АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан чыгуусун баштады.