www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 69 өлкөдөн келген товарларга 10 пайыздан тартып 41 пайызга чейинки тариф киргизди.

Анын "такталган бажы алымдары" жөнүндөгү буйругу жети күндөн кийин күчүнө кирерин билдирди.

Документке ылайык, эң чоң бажы тариф Сирия (41%) менен Бирмага (40%) салынды. Ал эми Британияга эң аз (10%) тариф берилди.

Ошол эле учурда Канададан келген импортко алым 25 пайыздан 35 болуп жогорулады. Бирок бул талап АКШ, Мексика жана Канаданын буга чейинки соода келишиминде көрсөтүлгөн товарларга колдонулбайт.

Калган мамлекеттердин басымдуу бөлүгүнө, ошондой эле Европа Биримдигине кирген өлкөлөргө бажы тарифи 15% деп белгиленген.

Бул тизмеге Кытай кирген эмес. Расмий Вашингтон менен Бээжин соода келишимине байланыштуу өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Трамп буга чейин Кытайга бажы төлөмдөрүн 125% чейин көтөргөн. Буга расмий Бээжин жооп кылып АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулатарын кабарлаган.

Трамп 5-апрелден тартып АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Бирок көп өтпөй, 9-апрелде 75тен ашык өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырган.

Последние новости