www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте салык органдарында каттоосу жана керектүү уруксат берүүчү документтери жок эмеректерди даярдоо жана өндүрүү боюнча иш жүргүзгөн бир катар субъекттер аныкталды.
Салык кызматынан билдиришкендей, рейддик текшерүүнүн жүрүшүндө борбор калаанын Бириничи май районунда жайгашкан сегиз субъекттин өндүрүштүк жана кампа жайлары текшерилди. Жыйынтыгында салык органдарында каттоосу жок иш жүргүзгөн эмерек жасоочу эки цех аныкталды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, бардык жагдайларды тактоо үчүн кошумча иш-чаралар жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын алты айында Салык кызматы рейддик салык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө республика боюнча уруксат берүүчү документтери жок жана салык органдарында каттоосуз ишмердүүлүк жүргүзүүгө байланыштуу жалпы 1458 эреже бузууну аныктаган. Анын негизинде 1204 айып пул салынып, жалпы суммасы 1,8 млн сомдон ашты.
Салык кызматы салыктык каттоосуз жана уруксат берүүчү документтери жок иш жүргүзүү учурларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында мындай рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү улантат. Бул багыттагы иштер өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу негизде жүргүзүлөт.