www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттин мурдагы депутаттары Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Нарын облусунун аймагындагы көмүр кендеринин бирин иштетүүгө лицензиясы бар компаниянын акцияларын мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, тиешелүү кылмыш ишин козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган маалыматка ылайык, парламенттин мурдагы депутаттары Ж.уулу А. жана М.М. (Акипресстин маалыматы боюнча, шектүүлөр Жунус уулу Алтынбек жана Малабаев Муратбек) аттуу жарандар ар кайсы мезгилде коркутуп-үркүтүү жана башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан жогорку ликвиддүү компаниянын акцияларынын контролдук пакетин алардын менчигине өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
31-июлда Ж. уулу А. жана М.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, ал эми сот тарабынан тергөөнүн бүткүл мезгилине карата бөгөт коюу чарасы тандалды.
Аталган кылмыштын бардык жагдайларын, ошондой эле бул иштерге түздөн-түз тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
УКМК бул багыттагы ишин мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүп, иликтөөнүн жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.
Айрым жергиликтүү басылмалар камалгандар Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев экенин жазып жатышат.