www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кыймылынын эрежесин бузган «Ламборгининин» айдоочусу кармалды, деп билдирди 1-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Буга чейин социалдык тармактарда Ысык-Көл облусунда «Ламборгини» унаасы каршы тилкеге чыгып, башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан видео тараган болчу. Эреже бузган айдоочу Бишкек шаарында кармалган.
Ага карата жол эрежелерин бузганы үчүн протокол түзүлүп, 16 миң сом айып пул салынды.
ЖКККББ 1-сентябрдан тарта мындай одоно мыйзам бузган айдоочулар кайрадан экзамен тапшыруусу керек болорун эскертет.