www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Дүйнөлүк саламаттык уюмун (ДСУ) каржылоону токтотуп жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

 Ал “ДСУ коронавируска каршы натыйжалуу күрөшө албай койду” деп, муну уюм толугу бойдон "Кытайдын көзөмөлүндө болуп жатат" деген ою менен негиздеди.

Трамп кытай бийлиги өз милдеттенмелерин таптакыр аткарбай, ДСУга жаңы коронавирус канчалык кооптуу экени жөнүндө туура маалымат берген эмес, ал эми уюм ошол маалыматтарга ишенип алган деген оюн билдирди.

Ошону менен катар Трамп АКШнын ДСУнун бюджетине салымы 450 миллион доллар болсо, Кытайдыкы болжол менен 40 миллион доллар экенин эскертти.

Быйыл апрель айында, коронавирус боюнча абал курчуп турганда Вашингтон бул акчаны төлөөдөн баш тарткан.

30-майга карата дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 6 миллионго чукулдады. 362 миң адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости