www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп билдиргендей, Америка Кошмо Штаттары башка мамлекеттер сыяктуу эле ядролук куралдарын сыноого даяр. Бул тууралуу ал CBS News телеканалына берген маегинде айтты.
«Россия сыноолорду өткөрүп жатат, Кытай да өткөрүп жатат, бирок алар муну ачык айтпайт <...>. Ошондуктан биз да өткөрөбүз, анткени алар өткөрүп жатышат, башкалар да өткөрүп жатат. Албетте, Түндүк Корея жана Пакистан да сыноо жүргүзүүдө», — деди Трамп.
Анын айтымында, өлкө ядролук курал чыгарат, бирок аны сыноосуз кантип иштеп жатканын билиш мүмкүн эмес.
Трамп белгилегендей, АКШда дүйнөдөгү эң ири ядролук арсенал бар.
«Россия экинчи орунда, Кытай үчүнчүдө, бирок алар беш жыл ичинде бизге жетиши мүмкүн. Алар ядролук куралды абдан тез өндүрүүдө. Мен бул маселе боюнча Путин жана Си Цзиньпин менен да сүйлөштүм», — деп кошумчалады ал. 2023-жылдагы маалыматтарга ылайык, Россиянын 4,4 миң, ал эми АКШнын 3,7 миң ядролук ок-дарылары бар. Ошол эле учурда АКШда жайгаштырылган (ишке даяр) ок-дарылардын саны көбүрөөк.
«АКШда дүйнөнү 150 жолу жардыра ала турган ядролук күч бар», — деп билдирди Трамп. «Бирок биз — сыноо жүргүзбөгөн жалгыз өлкөбүз. Мен муну каалабайм», — деди АКШ президенти.