www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы экономика боюнча эксперт Улукман Мамытов NazarNews маалымат агенттигине учурда дүйнөлүк экономикада Мунайдын орду жана биздин өлкөбүзгө тийгизген таасири тууралуу пикирин билдирди.
— Азыркы учурда дүйнөлүк экономикада Мунайдын орду жана биздин өлкөбүзгө тийгизген таасири тууралуу кандай ойдосуз?
— Азыркы учурда дүйнөлүк экономикада мунайдын орду чоң, негизги орунду ээлейт десек да болот. Андан бир гана күйүүчү май эмес, башка да көптөгөн продукциялар өндүрүлгөндүктөн бүгүнкү күнгө чейин таасирин жоготпой келет. Мунай тууралуу сөз болгондо керектөөчүлөр жана экспорттоочулар болуп мамлекеттер экиге бөлүнүп калат. Экөөнүн кызыкчылыгы бири-бирине карама-каршы келет. Бири арзан алгысы келсе, экинчиси кымбат саткысы келет. Мунун айланасында дайыма кызыкчылыктар кагылышат. Экологиялык маселелер, коомдогу көз караштардын өзгөрүшү менен мунай продукцияларын башка булактардан өндүрүү маселелери көп айтыла баштады. Муну менен катар эле дүйнөдөгү геосаясий абалдан улам мунай продуктуларын экспорттоо бир гана доллар менен эмес, башка валюталарда жүрсө доллардын кунунун түшүшүнө жана жалпысынан эле дүйнөлүк экономикага чоң таасирин тийгизет. Мунай продукциялары, ошол эле күйүүчү майды сатып алууда Кыргызстан үчүн жакшы бир мүмкүнчүлүк бар. Ал — биздин ЕАЭБге мүчө болгондугубуз. Болбосо азыркыдан баа бир топ жогору болмок.
Жамиля МЫКТЫБЕК кы акзы