www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын президенти Дональд Трамп Британияны кайрадан сынга алды. Ал белгилегендей эки өлкөнүн ортосундагы мамиле “мурункудай эмес” эмес. 

Израил менен АКШнын Иранга каршы алгачкы соккуларына Лондон катышпаганы боюнча The Sun басылмасынын суроосуна жооп берип жатып, Трамп Америка Жакынкы Чыгышта аскердик операция жүргүзүү үчүн Британияга муктаж эмес экенин айткан.

Ошол эле учурда ал Британиянын премьер-министри Кир Стармер “жардам берген жок” деп белгиледи.

Трамп муну менен катар Франция жана Германияны ишенимдүү өнөктөштөр катары мактап, «азыр Европада башка өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледебиз» деп кошумчалады.

Стармер 1-мартта АКШга Британиянын аскер базаларын коргонуу мүнөзүндөгү соккулар үчүн пайдаланууга уруксат берерин жарыялаган. Бирок бул базалар Иранга каршы алгачкы чабуулда колдонулган эмес.

2-мартта Стармер “менин милдетим Британиянын улуттук кызыкчылыгына эмне туура келерин аныктоо” деп белгилеген.

Последние новости