www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы жетекчиси Дональд Трамп анын саясий атаандашы, азыркы президент Жозеф Байден бир жарым жылдан ашуун убакыттын ичинде өлкөгө "мурдагы андан начар беш президент" келтирбеген зыянды жасаган деген билдирүү кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Американын тарыхындагы эң начар деген беш президенттин кылгандарын чогултуп карап көрсөңөр болот, алар өлкөгө 16 ай ичиндегидей, Байденчелик зыян тарттырышкан эмес", — деген Трамп Небраска штатындагы өзүнүн тарапташтарынын митинги өтүп жаткан учурда.
Күн тартибиндеги маселелер тууралуу айтып жатып, ал Украинадагы кырдаал боюнча жоопкерчиликти Байденге такады. Трамптын айтымында, азыркы абалдын кесепети дүйнөлүк жаңы согуштун чыгып кетүү кооптуулугу дүйнө үчүн коркунучтуу болуп турат.
"Биздин өлкө тозокту көздөй тоголонуп кетип бара жатат, бирок биз аны оңдой алабыз. Мен өтө кеч болуп кетпейт деп ишенем... Биздин өлкөнү азыр кырдаалды дүйнөлүк согушка жеткирип коё турган башкарып жатат", — деген экс-президент.