www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын азыркы администрациясы бир жылдын ичинде өлкөнү талкалады, деп билдирди АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп.
«Биздин өлкө бир жылдын ичинде жок кылынды», - деди Трамп Улуттук Республикалык Сенатордук Комитеттин Red Zone подкастында.
Учурдагы президент Джо Байдендин «ийгиликтеринин» арасында Трамп америкалык аскерлердин Ооганстандан башаламан чыгарылышын, инфляциянын өсүшүн, чек арадагы баш аламандыкты жана АКШдагы коронавирустун абалын атады.
Инфляциянын да туура эмес энергетика саясатынын натыйжасы экенине көңүл бурган Трамп: «Көптөгөн нерселер үрөй учурарлык. Биз энергетикалык көз карандысыз болчубуз, эми ОПЕКке, Орусияга жана башка оюнчуларга кайрылып жатабыз, бул биздин өлкө үчүн оор кырдаал», - деди АКШнын мурдагы президенти.
Эске салсак, Трамп 2020-жылдагы президенттик шайлоодо демократ Джо Байденге утулуп калган, бирок ал 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялабаса да, жеңилгенин мойнуна албайт жана мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
Булак: NazarNews.kg