www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Жерсиде тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып, АКШнын азыркы лидери Жо Байден Барак Обаманын тушунда вице-президент болуп турганда украиналык Burisma Holdings энергетикалык компаниясынан пара алганын айтты. Анын сөзүн 14-июнда республикачылар колдогон америкалык телеканалдар көрсөтүштү.
Трамптын айтымында, ага тагылган айыптар чыныгы кылмыштардан көңүлдү башка тарапка буруу аракети.
«Келгиле, бир пикирге келели жана 5 миллион доллар пара жөнүндө эч ким сөз кылбашы үчүн ага каршы айыптарды коёлу», - деди Ак үйдүн мурдагы башчысы.
Ал буга чейин америкалык сенатор Чак Грассли Федералдык иликтөө бюросунда (ФБР) Байдендин украиналык энергетикалык компаниядан пара алууга катыштыгы бар деген далилдер бар деп билдиргенин эске салды. Бирок, мурдагы президент белгилегендей, ФБР аларды ачыкка чыгарбайт.
Ошол эле маалда дагы бир республикачы конгрессмен Ронни Жексон ФБРди Буризманын лидери менен Байдендин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн аудиожазууларын жарыялоого чакырды. Джексондун айтымында, АКШнын азыркы башчысы өлкөнүн бардык президенттеринин ичинен эң чоң кылмышкер болуп саналат.
Белгилей кетсек, Burisma Holdings - Украиналык компаниялардын газ өндүрүүчү жеке тобу.
Булак: NazarNews.kg