www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жозеф Байдендин тушундагы инфляциянын деңгээли Американы талкалоодо. Бул тууралуу АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.

Буга чейин Байден жыл сайын өткөн Конгресстеги кайрылуусунда “Американын экономикалык абалы бүтүндөй дүйнө көз арта тургандай" деп билдирген.

Трамп Truth Social социалдык тармагындагы Байдендин Конгрессте сүйлөгөн видеосуна "Байдендин жетекчилиги тушундагы инфляция Американы жок кылууда” деп комментарий жазган.

АКШнын Борбордук банкынын функциясын аткарган федералдык резервдик системасы коронавирус пандемиясынан кийинки ифляциянын өсүү темпин кармоо үчүн 2022-жылдын мартынан 2023-жылдын июлуна чейин пайыздык коюмдарды 11 жолу алмаштырууга мажбур болгон.

Жозеф Байдендин президенттик жылдарында АКШнын мамлекеттик карызы кескин өстү. 2021-жылы Байден кызматка киришкенде анын көлөмү 28 триллион доллар болсо, учурда ал 34,4 триллион долларды түзөт.

Последние новости