www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 1-февралдан тарта 8 европалык өлкөдөн АКШга келген товарларга 10% дык бажы төлөмү киргизиле турганын билдирди. Алар - Улуу Британия, Германия, Дания, Нидерланды, Норвегия, Финляндия, Франция жана Швеция.

Трамптын айтымында, бул өлкөлөр Гренландияны АКШга өткөрүп берүү тууралуу макулдашууга бармайынча төлөмдөр алынат. Эгер келишим 1-июнга чейин түзүлбөсө, бажы төлөмү 25%га чейин жогорулайт.

Трамп белгилегендей, АКШ көп жылдан бери Европа өлкөлөрүн, анын ичинде Данияны субсидиялап келген, ал эми Дания болсо Гренландияны Кытай жана Россиянын таасиринен коргой албай жатат. Буга аталган 8 өлкөнүн өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жасап, Данияны колдой турганын билдиришти. Алар суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү коргоого бекем турушаарын айтышты. Ошондой эле бажы алымы менен коркутуу - Европа менен АКШнын мамилесин начарлатып жатканын белгилешти.

АКШ Гренландия боюнча бир нече жолу доо койгондон кийин, Арктикадагы коопсуздукту бекемдөө үчүн 8 европалык өлкө бул аралга өз аскерлерин жөнөткөн.

Последние новости