www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп Өкмөттүн эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчысы Илон Масктын ыйгарым укуктарын чектеди, деп жазат Politico.
Мындай чечимди АКШ президенти Маск да катышкан өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.
«Трамп өз өкмөтүнүн негизги мүчөлөрүнө Масктын бөлүмдөргө сунуштарды берүүгө укугу бар экенин, бирок кадрдык маселелер жана саясат боюнча жалгыз чечим кабыл ала албастыгын айтты» деди администрация өкүлдөрү.
Бул кадам федералдык структураларда жана алардын кызматкерлеринин арасында чатактарды жараткан Маск тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге карата бир катар массалык иштен алуу жана коркутуулардан кийин кабыл алынды.
DOGEдин саясаты соттордо катуу каршылыкка жана демократтар менен айрым республикачылардын сынына да туш болду.
«Президенттин билдирүүсү Масктын ыйгарым укуктарын чектөөнүн биринчи олуттуу аракети болду. Трамптын жаңы директиваларына ылайык, DOGE жана анын кызматкерлери консультацияларды бериши керек, ал эми кадр саясаты, стратегия жана реформалардын мөөнөтү боюнча акыркы чечимдер министрлерде калат «, — деп айтылат билдирүүдө.