www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы негизги эки күрд саясий күчүнүн лидерлери – Масуд Барзани жана Бафел Талабани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр АКШ менен Израилдин Иранга каршы аба соккулары башталгандан кийинки күнү өткөн. Axios басылмасынын булактары билдиргендей, бул байланыштар күрд күчтөрү менен кызматташууну күчөтүүгө багытталган узак мөөнөттүү аракеттердин бир бөлүгү болгон.

Демилге, анын ичинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху тараптан да колдоого алынганы айтылууда.

Ирактын түндүгүндөгү күрд күчтөрү аймактагы эң уюшкан жана согуштук тажрыйбасы бар түзүмдөрдүн бири болуп саналат. Алардын аскердик потенциалы Иран менен чектеш аймактарда стратегиялык мааниге ээ.

Вашингтондун бул кадамы эки негизги максатты көздөшү мүмкүн. Алсак, Иранга каршы басымды кеңейтүү жана жаңы фронттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошондой эле, аймактагы союздаштардын санын көбөйтүү аркылуу операциянын саясий жана аскердик салмагын күчөтүү.

Ошол эле учурда, мындай кадам Ирактын ички саясий тең салмагына таасир этиши ыктымал. Багдад–Эрбил мамилелерин курчутуп, Ирандын каршы реакциясын күчөтүшү мүмкүн.

Бул телефондук сүйлөшүүлөр Вашингтон Күрд факторун активдештирүү аркылуу аймактагы стратегиялык таасирин кеңейтүүнү көздөп жатат. Бирок бул аракеттер конфликттин географиялык чегин кеңейтүү коркунучун жаратат.

Булак: NazarNews

Последние новости