www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп согушту токтотууга шарт түзүүчү келишимге жетүү үчүн Ирандагы "керектүү адамдар менен" сүйлөшүү жүргүзүп жатканын айтты. Ал өз сөзүндө:
- Биз кимдер менен сүйлөшүү керек болсо, ошолор менен сүйлөшөбүз жана алар келишим түзүүнү абдан каалашат, алар муну канчалык эңсешерин сиз элестете да албайсыз", - деген журналисттер менен маектешип жатып.
Трамп Иран энергетика жаатында ири чегинүүгө барганын белгилеп, муну жагымдуу окуя деп атап, чегинүү Ормуз кысыгына - Перс булуңунан мунайды дүйнөгө ташуучу негизги каттамга байланыштуу экенин ишара кылды. Иран кысыкты февралдын аягында америка-израилдик аскер операциясы башталгандан кийин дээрлик толук жапкан.
"Алар бизге белек кылышты жана бул ири суммадагы акчага тете чоң белек болду. Ал өзөктүк программа менен байланышы жок, ал мунай жана газ боюнча, бул алар тараптан жасалган өтө жакшы кадам болду", - деди Трамп.
Трамп 23-мартта да Тегеран менен "абдан жакшы жана жемиштүү" сүйлөшүүлөр тууралуу билдирип, Ирандын энергетикалык инфратүзүмүн аткылоону беш күнгө токтотууга буйрук берген. Тегеран сүйлөшүү болгонун четке каккан.