www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран менен сүйлөшүү үчүн Ирандын энергетикалык объектилерине сокку урууну дагы 10 күнгө жылдырууну чечкенин жарыялады. Ал мындай чечим Иран өкмөтүнүн өтүнүчү менен кабыл алынганын билдирди, бирок Тегеран муну четке кагууда. Бул тууралуу Би-би-си жазды.
- Иран өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча мен электр станцияларына сокку уруу мөөнөтүн 10 күнгө, 2026-жылдын 6-апрели, дүйшөмбү, саат 20:00гө чейин (чыгыш сааты боюнча) токтотуп жатам. Сүйлөшүүлөр уланып жатат жана айрым фейк маалымат каражаттары, башка булактарда жалган билдирүүлөр менен жалган маалыматтарга карабастан сүйлөшүүлөр абдан жакшы өтүп жатат, - деп жазды Трамп Truth социалдык тармагындагы баракчасына.
Өткөн дем алыш күндөрү Трамп эгер Тегеран 48 сааттын ичинде Ормуз кысыгын ачпаса Ирандын электр станцияларын “жок кылам” деп коркуткан. Иран бийлиги буга жооп кылып, кысыкты жүк ташуу үчүн толугу менен жаба турганын жарыялаган.
Дүйшөмбү күнү Трамп АКШ жана Ирандын согуштуу токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрү "жемиштүү" болуп жатканын айтып, Ирандын энергетикасына сокку урууну беш күнгө токтотууну буйруган.