www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Ирандын жаңы жетекчиси боло ала турган үч талапкер бар экенин билдирди. New York Times басылмасына телефон аркылуу берген маегинде Дональд Трамп АКШнын аскерлери Иранга каршы чабуулду дагы төрт-беш жума улантууну көздөп жатканын айтты.
- Бул кыйын болбойт. Бизде абдан көп ок-дары бар. Билесиздер, алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө сакталат, - деди ал.
Ак үйдүн башчысы ошондой эле Иранды ким жетектей ала турганы боюнча “үч абдан жакшы вариант” бар экенин белгиледи. Бирок алардын атын атаган жок.
- Азырынча ачыктабайм. Адегенде ишти бүтүрөлү, - деп чектелди Трамп.
АКШ президенти эгер жаңы жетекчилик өзүн прагматикалык өнөктөш катары көрсөтсө, Иранга карата санкцияларды алып салышы мүмкүн экенин билдирди. Бирок АКШ иран элин коргойбу деген суроого жооп берүүдөн баш тартты.
- Мен азырынча эч кандай милдеттенме албайм. Эрте. Биздин алдыбызда иш бар, жана биз аны абдан жакшы аткардык. Менин оюмча, биз графиктен кыйла алдыда баратабыз, - деди Трамп.
Израиль менен АКШнын Иранга жасаган чабуулу 28-февралда Иран шаарларына жана аскердик объектилерине жасалган көп сандаган авиа жана ракеталык соккулар менен башталган. Тегеран буга жооп катары Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече өлкөлөрдөгү америкалык аскер базаларына сокку урган.
Бул кагылышууда өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза тапты. Ошондой эле Тегерандын бир катар жогорку даражалуу жетекчилери да набыт болгон. Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу басаңдаган жок. Эки тарап тең жарыяланган буталарга ракеталык соккуларды улантууда.