www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС кыймылынын чабуулуна жетиштүү даяр эмес болчу. Мындай пикирин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына билдирди.

—  "Ал даяр эмес болчу, Израил да даяр эмес болчу. Эгер Трамп АКШнын президенти болгондо, аларга такыр даярдануунун кереги жок болчу", — деди саясатчы.

АКШнын мурдагы лидери Израилдин чалгындоо кызматтарынын аракеттерин сындап, миңдеген адамдар эмне болуп жатканын билип турганын, бирок дагы эле кырдаалдын курчушуна тоскоол боло албаганын айтты. Саясатчы Израилдин коргоо министри Йоав Галантты да "акмак" деп атады.

—  Мен, Байдендин администрациясынын жогорку даражалуу коопсуздук кызматкерлери Хизболла түндүктөн сокку урбайт деп үмүттөнүп жатканын уктум. Хизболла келесоо эмес. Израилде “Хезболла” түндүктөн сокку урбайт деген үмүтүн билдирген коргоо министри бар. Муну кандай келесоо айтат», - деди Трамп Флорида штатындагы Палм-Бичте шайлоо алдындагы митингде.

Эске сала кетсек, буга чейин Трамп Truth Social социалдык тармагында эгер ал АКШ администрациясынын башчысы болгондо палестин-израил чатагынын курчушу болмок эмес деп жазган.

Алибек Бейжанов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости