www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте КМШга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, саммиттин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар биргелешкен документтерди кабыл алаары күтүлүүдө.

"КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт", - деп жазды ал.

Түз алып көрсөтүү саат 13:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости