www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистикалык комитетинин чыгарган 9 айынын жыйынтынына ылайык, Кыргызстанда 2023-жылдын январь-август айларында орточо айлык 32 миң 708 сомду түзүп, маяна 25,7%га өскөн.

Белгиленгендей, эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк, суу менен камсыздоо, таштандыларды тазалоо, кайра иштетүү, кыймылсыз мүлк, искусство, дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо, транспорт, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагында байкалган.

Мына сага, ишенсе болобу? Арийне, азыр орточо айлык 32 миң сом эмес, жогору маяна ушунча десек жарашат. Азыр реалдуу чындыкты алсак, орточо айлык ашып баратса 15 миң болот. Анан халва-халва дегенден оозуң бал татыбаган сыңары, көбүртүп-жабыртып апырта бергенде экономика өсүп кетпейт. Андыктан калпты да ченеп айткан жакшы эмеспи...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости