www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 25-августка чейин Фултон округундагы түрмөгө өз ыктыяры менен келип, камакка алынышы керек. Бул тууралуу 15-августта CNN телеканалы полициянын билдирүүсүнө таянып билдирди.
Кеп Джорджия штатындагы шайлоого кийлигишүү фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатканы белгиленген. Айыптоо корутундусунда айтылган иш боюнча дагы 19 айыпталуучу да камакка алуу үчүн багынып бериши керек.
Телеканалдын маалыматы боюнча, айыпталуучу түрмөгө келгенден кийин расмий түрдө камакка алуу процедурасынан өтүшү керек: алар тинтилип, сүрөткө тартылып, манжаларынын изи алынат.
Бир күн мурун Трампка 11 берене боюнча айып тагылган, анын ичинде жасалмачылык жана аткаминерди антты бузууга көндүрүү аракети, ошондой эле кылмыштуу уюмдар жөнүндөгү мыйзамды бузуу (RICO Act).
Трамп кылмыш жоопкерчилигине тартылган АКШнын биринчи экс-президенти. 2021-жылдын 6-январында Трамптын жактоочулары 2020-жылдын ноябрындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүүгө жол бербөө үчүн Конгресстин имаратына кирип, тополоң кылышкан. Анда беш киши, анын ичинде бир полиция каза болгон.
Булак: NazarNews.kg