www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздуктан улам өлкөдө өзгөчө абал режимин жарыялап, коркунуч Кубадан келип жатканын айтты. 

- Мен, Дональд Трамп, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Куба боюнча кырдаал Американын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына өзгөчө, олуттуу коркунуч жаратканын мойнума алып жана ушуга байланыштуу АКШда улуттук өзгөчө абал жарыялайм, - деп жазылган 4-күнү жарыялаган Трамптын жарлыгында.

Жарлык Венесуэладан мунай жеткирүү токтотулгандан кийин, Трамптын Куба кыйроого жакындады деген кайра-кайра айтылган билдирүүлөрүнө тушташ чыкты.

Ал ошондой эле венесуэлалык нефть мындан ары аталган мамлекетке берилбей турганын белгилеп, аралга күйүүчү май жөнөтүүнү уланта турган башка өлкөлөргө да чара көрүлөрүн эскерткен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ Кубада бийликтин алмашуусуна кызыкдарлыгын, себеби автократиялык башкаруунун кетиши Вашингтондун кызыкчылыктарына жооп берерин айткан.

Последние новости