www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп кызматта турганда Ак үйдүн кагаздарын ажатканага агызбаганын айтты. Бул тууралуу Трамптын басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүдө: "Мен кагаздарды жана документтерди Ак үйдүн ажатканасына агыздым деген жалган окуя жөн эле калп, ал ойдон чыгарылган журналисттин божомолу" - деп жазылат.
Буга чейин Ак үйдүн расмий өкүлдөрү АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп маал-маалы менен резиденциясынын ажатканасына маанилүү документтерди агызып турганын билдиргенин "Axios The New York Times" гезитинин журналисти Мэгги Хабермандын "Ишеним адамы" китебинен үзүндүлөргө таянып жазган.
Басылманын маалыматына караганда, Ак үйдүн ажатканасындагы документтердин агып кеткени тууралуу кабар Улуттук архив жана иш кагаздар башкармалыгы АКШнын Юстиция министрлигине Трамптын президенттик администрациянын документтери менен кандай мамиле кылганын изилдөөнү өтүнгөндөн кийин чыккан. Бир катар ЖМКлар мурдагы мамлекет башчы көп учурда маанилүү кагаздарды тытып, ыргытып, муну менен мамлекеттик документтер менен иштөөдө мыйзамдарды бузуп жүргөнүн айтышууда.
Андан тышкары, Улуттук архив кеңсесинин өкүлдөрү Трамптын Мар-а-Лагодогу жеке резиденциясынан бир катар жашыруун материалдарды, анын ичинде экс-президенттин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жеке кат алышуусунун бир бөлүгүн табышкан.
Булак: NazarNews.kg