www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Путин менен кандай мамиледе экенин айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путин менен конструктивдүү мамиле түзүүнү жактай турганын жана ушундай жол менен Украинадагы чыр-чатактын алдын алууга болорун билдирди. Бул тууралуу ал "Fox News" телеканалына берген маегинде билдирди.

«Мен Путинди жакшы билем, аны менен жакшы мамиледе болчумун», — деди саясатчы.

Анын айтымында, АКШдагы Ак үйдүн азыркы башчысы Жо Байден эмес, «чыныгы лидер» болгондо украин кризиси болмок эмес.

Белгилей кетсек, Трамп ноябрда президенттик шайлоодо жеңип чыкса, инаугурация алдында Украинадагы жаңжал тынчтык жолу менен чечилет деп убада кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости