www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын президенти Владимир Путин менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин ортосунда келишим түзүлөт деп үмүттөнүп жатканын билдирди.
"Акыркы бир-эки күндүн ичинде ал (Путин – ред.) Зеленский тууралуу айрым нерселерди айтты… Эгер ал Зеленскийге ишенүүгө болбойт деп эсептесе да, ага (Зеленскийге – ред.) жаксынбы, жакпасынбы, келишим түзүүгө туура келет", – деди Трамп Ак үйдүн журналисттер пулуна.
Ал Россия лидери Украинанын жаңжалын жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө ниеттенгенине ишенимдүү бойдон каларын кошумчалады.
"Мен анын сөзүнөн кайтып кетет деп ойлобойм. Силер Путин жөнүндө айтып жатасыңар. Мен аны көптөн бери тааныйм, ал сөзүнөн кайтпайт деп ойлойм", – деп баса белгиледи Трамп.