www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушту. Бул жолугушуу түз эфирде көрсөтүлгөн жок. Бирок залда журналисттердин чакан тобу болгонун «Би-Би-Си» кабарлады.
Трамп Рютте менен Украина жана Россиянын ортосунда болуп жаткан окуяны талкуулай турганын айтып: «Биз мунун токтошун каалайбыз», - деп белгиледи.
Ал Путин жана башкалар менен абдан олуттуу талкуулар болгонун кошумчалады.
«Алар (Россия тарап тууралуу) туура иш кылат деп үмүттөнөм», - деди Трамп.
13-мартта Россиянын президенти Владимир Путин ок атышууну токтотуу боюнча сунушка комментарий берип, талкуу жүргүзүү керектигин айткан.