www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп: «Путин өзгөрдү. Бул баарыбыз үчүн жаман»

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп орус лидери Владимир Путиндин Украинадагы аракеттерине комментарий берди. Бул тууралуу ал Washington Examiner гезитине берген интервьюсунда билдирди.

Путиндин Украинага кол салуу боюнча «акыркы бир жылда көп өзгөргөн» чечимине Трамп таң калганын айтты. «Менимче, ал өзгөрдү. Бул бүт дүйнө үчүн абдан жаман кабар. Ал абдан өзгөрдү... Мен Путинге абдан катуу мамиле жасадым. Ушундан улам менин репутациям начар. Бирок ошол эле учурда башкалар менен жакшы тил табышкандай аны менен да кийин жакшы мамиледе болдум», - деди Трамп.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости