www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Гэмпшир штатында 23-январда республикачылар арасында өткөн президенттикке талапкерлерди баштапкы шайлоодо (праймериз) добуштардын 55% ээлеп, алдыга чыкты.
Ал республикачы делегаттардын добуштарынын кеминде 11ин, ал эми анын жалгыз атаандашы Никки Хейли кеминде 8ин алышты. Нью-Гэмпширде республикачылардын 22 делегаты бар.
Республикачылар партиясынан талапкер болуп көрсөтүлүү үчүн жалпысынан 1215 делегаттын добушун алуу зарыл. Талапкердин аты партиянын июль айындагы съездинде белгилүү болот.
Трамптын Нью-Гэмпширдеги жеңиши анын ноябрдагы президенттик шайлоого катышып, өлкөнүн азыркы башчысы, демократ Жо Байденге кайрадан атаандаш болуу ыктымалдыгын жогорулатканын байкоочулар белгилеп жатышат.
23-январдагы праймеризде Трамка негизги атаандаш болгон Хейли (Түштүк Каролинанын экс-губернатору, Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы элчи) Никки Хейли аны куттуктап, күрөшүн улантарын айтты жана “Жарыш али аягына чыга элек”, - деп белгилеп, Трампты дебатка чакырды.
Бир нече айга созулуучу праймериз процесси жайында Демократтар жана Республикачылар партияларынан талапкер тандоо менен жыйынтыкталат. Кийинки праймериз февралда Түштүк Каролинада жана Невадада өтөт.
Байден Нью-Гэмпширдеги демократтардын праймеризинин талапкерлер тизмесине киргизилген эмес, анткени партиянын жетекчилигинин алгачкы праймеризди Түштүк Каролинадан баштоо тууралуу демилгесин колдогон. Бирок Байдендин Нью-Гэмпширдеги тарапташтары анын атын бюллетенге кол менен жазып, 67% добушун беришти.
Булак: NazarNews.kg