www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жаңы шайлоо кампаниясынын алкагында өлкөдө “эркиндик шаарларын” курууну сунуштады. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Анын пикиринде, Вашингтондун көлөмүндөгү (177 чарчы километр, калкы 700 миңден ашуун адам) он футуристтик конуштарды куруу “кайратынан айрылган” штатта “жаңы америкалык келечекти” түзөт.

Трамп өлкөнүн тургундары мурда чек арага шаарларды куруп, игерилбеген, жапайы жерлерде мамлекет түзүшкөнүн эске салды. Ушунун фонунда алар азыр космоско спутниктерди учуруп жатышат.

Анын айтымында, заманбап “эркиндик шаарлары” америкалыктардын фантазиясын, өнүгүүгө, кыялданууга умтулуусун дагы бир жолу ойготот. Мындан тышкары, алар өлкөнүн жүз миңдеген жаш жарандарына, эмгекчил үй-бүлөлөргө үй беришет.

Кытай менен АКШда вертикалдуу учуп-конууга жөндөмдүү унааларды иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат, деп түшүндүрдү Трамп. Ал кошумчалагандай, өлкө бул жаатта лидерликке жетише алат.

Мындан улам, саясатчы жаңы конуштардагы кыймыл учуучу унаалар менен жүргүзүлөрүн айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости