www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина боюнча жөнгө салуу аракеттери алдыга жылып жатат, бирок тараптар ортосунда карама-каршылык дале бар экенин АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө билдирди.

"Жылыш бар, бирок тараптар ортосунда карама-каршылык сакталып жатат", — деди ал.

Россия жана АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү аяктагандан кийин Федерация Кеңешинин эл аралык комитетинин төрагасы Григорий Карасин жана ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жолугушууга катышты.

Өткөн жумада Россиянын президенти Владимир Путин америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүү учурунда Россия лидери согушуп жаткан тараптардын 30 күнгө энергетикалык инфраструктурага сокку уруудан баш тартуу сунушун колдоп, аскерий жетекчилерге тиешелүү тапшырма берген.

Кийинчерээк Владимир Зеленский Украина бул сунушту колдой турганын билдирген. Бирок Россия менен АКШ лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнөн бир нече саат өткөндөн кийин Киев режими Краснодар крайындагы "Кавказская" мунай өткөрүү станциясына үч дрон менен чабуул жасаган. Бул сокку тынчтык келишимине карабастан Украинанын энергетикалык инфраструктурага каршы баштаган бир катар чабуулдарынын алгачкысы болгон.

"Суджа" газ өткөрүү станциясы да кайрадан чабуулга кабылды. 21-мартка караган түнү Курск облусунан чегинген украиналык аскерлер 7-августтан бери алардын көзөмөлүндө турган станцияны жардырышкан. 2025-жылдын башына чейин бул станция аркылуу Украина аймагы аркылуу Европага газ жеткирилген.

Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, мындай кадамдар менен Киев жетекчилиги Трамптын тынчтык демилгелерин атайылап үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатканын белгиледи. Ал эми Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Украинанын бул аракеттерин "Киев режиминин келишимдерди аткарууга жөндөмсүз экенинин ачык далили" деп атады.

Последние новости