www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп өзүнүн мураскери Жо Байденди Орусиянын өзөктүк потенциалынан коркуп, Украинадагы кан төгүүнү токтото алган жок деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жакынкы убакка чейин орус бийлигинин ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таануу чечимин "керемет" деп атаган Трамп, Орусиянын Украинадагы аскерий операциясын сындаганга кошулду.

"Ал жерде болуп жаткан кырсык... Биз бул согушту токтотушубуз керек", - деди ал Флоридада өз тарапкерлеринин митингинде сүйлөп жатып.

Кошумчалай кетсек, Трамп эгер президент болсо, Украинада эч кандай чыр-чатактар ​​болмок эмес деп билдирди. "Эгер мен сиздин президентиңиздин ордунда болсом, мындай болмок эмес... Биз көп сүйлөштүк жана ал (Орусиянын президенти Владимир Путин) муну эч качан жасамак эмес. Ал (Вашингтондун) алсыздыгын, биздин өлкөдө эч качан көрбөгөн нерселерди көрдү", - деди экс-президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости