www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Украинадагы жаңжалды токтотуунун жолун айтты

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп рубулдун курсу максималдуу күчөгөнүн белгилеп, Украинадагы жаңжалды мунайдын баасын баррелине 30-40 долларга түшүрүү менен токтотууга болот деп эсептейт. Бул тууралуу ал Вайоминг штатындагы тарапкерлеринин алдында билдирди.

"Билбейм, орус валютасын ээрчип жатасыңарбы, бирок мунайдын баасы кымбат болгондуктан, азыр максималдуу чегинде турат. Эгер бул согушту токтотууну кааласаңыз, мунайдын баасын бир баррелине 30-40 долларга түшүрүшүңүз керек", - деди ал.

Американын мурдагы лидеринин айтымында, Орусия мунайдын кымбат сатылышынан байып жатат.

"Мындан тышкары, алар азыр рубулду гана [төлөм катары], өздөрүнүн валютасын гана кабыл алышат. Бизде бир доллар да, эч нерсе да калган жок", — деди Трамп.

Трамп дагы бир жолу демократ Джо Байдендин азыркы администрациясынын курсун сындап, бул Кошмо Штаттарын энергетикалык көз карандысыздыктан ажыратканын айтты. Ал белгилегендей, анын тушунда АКШ мунай өндүрүү боюнча Орусия менен Сауд Аравияны артка калтырмак.

"Эми биз аны сатып алуу үчүн Венесуэлага барышыбыз керек", - деп нааразы болду мурдагы мамлекет башчысы.

Белгилүү болгондой, 8-мартта Байден Орусиядан энергия импорттоого жана Орусиянын энергетика тармагына жаңы инвестиция салууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. АКШнын Каржы министрлиги 22-апрелге чейин Орусиядан мунай, мунай продуктулары, суюлтулган газ жана көмүр импорттоо операцияларын бүтүрүүнү буйруду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости