www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына Венесуэланы АКШнын 51-штаты катары чагылдырган картаны жарыялады. Анда өлкөнүн аймагы АКШнын мамлекеттик желегинин түстөрү менен белгиленген.
Буга чейин Трамп АКШ Венесуэланын мунайын сатуудан миллиарддаган доллар киреше таап жатканын билдирген. Ал ошондой эле Венесуэлада азырынча эркин шайлоо өткөрүүгө ылайыктуу шарттар жок экенин белгилеген.
Ал эми Financial Times басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ быйыл Венесуэланын мунайын сатуудан 13 миллиард доллардан ашык киреше тапкан.
Маалыматтарга караганда, Вашингтон менен Каракастын жаңы келишимдерине ылайык, Венесуэланын мунай экспортунан түшкөн каражат АКШ көзөмөлдөгөн эсептерге топтолот.