www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Дональд Трамптын администрациясы АКШдан өз ыктыяры менен депортация болгон мигранттарга 3000 доллар кенемте төлөп бере турганын жар салды. Акча мыйзамсыз жүргөн, жыл аягына чейин АКШдан чыгып кетебиз деп катталган чет элдиктерге берилмекчи. Маалыматка караганда, бул каражатка билеттин баасы да кирет.

- Мыйзамсыз мигранттар бул белектен пайдаланып, өздөрү депортация болушу керек. Себеби андай болбосо аларды таап, камакка алабыз. Ошондон кийин үйлөрүнө кайта албай калышат, - деп билдирди министр Кристи Ноэм.

Жыл башынан бери Трамп мыйзамсыз иммиграцияга каршы чараларды күчөткөн. Жыл сайын бир миллион келгинди өлкөдөн чыгарып туруу убадасын бергени менен азыркыга чейин быйыл 622 миң киши депортацияланды.

Эмки жылы Вашинтон администрациясы мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшкө жигердүү даярданууда. Бул максатта миллиарддаган доллар бөлүнүп, кармоочу жайларды, борборлорду ачуу, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү табуу үчүн компаниялар менен кызматташуу пландалып жатат.

Последние новости