www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жакынкы эки жуманын ичинде жаратылыш ресурстары боюнча келишимге кол коюу үчүн жолугушууну пландаштырып жатканын билдирди. Бул тууралуу Трамп Ак үйдө журналисттерге уюштурулган маек учурунда айтты, деп билдирет <<<Rapid Response».

«Ал ушул же кийинки жумада келип, келишимге кол коё алат, бул абдан жакшы болмок. Мен аны менен жолугушууга кубанычта болом», - деди Трамп.

Трамп келишимдин алкагында АКШ Украинага жардамга жумшаган каражатты белгилүү бир убакыттын ичинде кайтарып алууну көздөп жатканын билдирди.

АКШ менен Украина акыркы жумаларда пайдалуу кендер боюнча келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Последние новости