www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жашыруун документтерди жашаган жеринде сактагандыгы үчүн беш жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости соттун бүтүмүнө таянып жазды.

Маалыматта айтылгандай, прокурорлор саясатчыга үч пункт менен айып тагышкан. Анын экөө Трамптын Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында көзөмөл камерасында жазылган видеолорду жок кылып салуусуна байланыштуу, бири – улуттук коргонууга байланышкан документтерди атайылап кармап туруу. Трамп өзүнүн күнөөсүн моюндаган эмес.

Купуялуулугу боюнча түрдүү деңгээлдеги материалдар салынган кутуларды ФБР агенттери мурдагы президенттин резиденциясынын аймагынан табышкан. Кагаздар табылган жерде "Клубдун он миңдеген мүчөлөрү жана коноктору" иш-чарасы өтүп тургандыктан анда жашыруун документтерди сактоого, ээ болууга, кароого, көрүүгө жана талкуулоого шарттар жок болгон.

"Прокуратура Трамп президенттик кызматтан кеткенден кийин жашыруун документтерге тиешеси болбогон адамдарга аларды көрсөткөн эки учурду билерин айтууда. 2021-жылдын июль айында Трамп жазуучу жана өзүнүн аппаратындагы эки киши менен жолугушууда "мен үчүн Коргоо министрлиги иштеп чыккан чабуулдук план" деген документти көрсөткөн. Жолугушуудагылардын биринин да купуя документтерди көрүүгө эч кандай катышы да, тиешеси да болгон эмес. Ошол эле жылдын август айында саясатчы аскердик операцияларга тиешелүү жабык делген картаны көрсөткөн", — деп жазылат маалыматта.

Анткени менен Трамп ачылган кылмыш иштерди 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого баруусуна бут тосуу деп сыпаттаган. Ал президент Жозеф Байдендин менчик кеңсесинен да, үйүнөн да жашыруун документтер табылганын, мындан тышкары, мурдагы вице-президент Майк Пенстин үйүнөн да чыкканын, бирок аларга айып тагылбагандыгын айткан. Ошондой эле Трамп мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон купуя маалыматтар камтылган 33 миң электрондук каттарды жок кылып салганын билдирип, ага да айып тагылган эмес деп белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости