www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка жаңы айып тагылды. Америкалык ЖМКлардын кабарлашынча, ал Трамптын 2020-жылкы президенттик шайлоодо жеңилгенин тааныбаганына байланыштуу.

Төрт пункттан турган корутундуда Трамп Жо Байдендин жеңишинин Конгрессте тастыкталышына жол бербөө үчүн кутумга барганы белгиленет. Кутумдун максаты "АКШ өкмөтүнүн негизги функциясын: президенттик шайлоонун жыйынтыктарын чогултуу, эсептөө жана тастыктоо процессин" бузуу болгон.

Айыптоодо айтылгандай, Трамп добуштарды эсептөөдө атайылап туура эмес маалыматты колдонуп, бир нече штаттарда расмий адамдарга басым көрсөткөн. Ал ошондой эле вице-президент Майк Пенсти бир нече штатта шайлоочулардын добушун тааныбоого ишендирүүгө аракет кылган.

2021-жылдын 6-январында Трамп катышкан митингден кийин анын тарапкерлери АКШнын Капитолийине басып кирген. Алар Конгресстин Байдендин жеңишин бекитишине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

Бул АКШнын мурдагы президентине козголгон экинчи кылмыш иши. Буга чейин Дональд Трампка "улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан" деген айып тагылган.

3-августта Трамп федералдык соттун алдында жооп берери күтүлүүдө.

Бул Трампка каршы үчүнчү кылмыш иши. Америкалык маалымат каражаттары эгер ал үч иш боюнча тең күнөөлүү деп табылса, анда АКШнын экс-президенти 600 жылга абакта отурарын эсептеп чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости