www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамптын айланасындагы төрт жогорку даражалуу адам жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
АКШнын президенти Дональд Трамптын айланасындагы адамдар Владимир Зеленскийдин негизги саясий атаандаштары менен Киевде жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, деп жазат европалык Politico басылмасы.
"Дональд Трамптын айланасындагы төрт жогорку даражалуу адам Киевде Владимир Зеленскийдин негизги саясий атаандаштарынын айрымдары менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. <...> Трамптын союздаштары <...> Юлия Тимошенко <...>, ошондой эле Петр Порошенконун партиясынын негизги өкүлдөрү менен жолугушкан", — деп жазат басылма Украинанын Жогорку Радасынын үч депутатына жана АКШнын Республикачыл партиясынын сырткы саясат боюнча атын атабаган экспертинин маалыматына таянып.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Украинадагы президенттик шайлоо болгон. Республикачыл партиядагы Politico'нун маектешинин маалыматына ылайык, Киевдеги жолугушуулардын катышуучулары өздөрүн америкалыктар менен тил табышуу оңой болгон адамдар катары көрсөтүшкөн.