www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси жана Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору Никки Хейли Республикалык партиянын президенттикке талапкерлиги үчүн жарыштан баш тарта турганын жарыялады. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги билдирди.

Никки Хейли АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Республикалык партиядагы акыркы атаандашы болгон.

«Менин шайлоо кампаниямды токтотууга убакыт келди. Мен эч нерсеге өкүнбөйм, - дейт Никки Хейли тарапкерлери менен болгон маегинде.

"Рейтер" агенттиги Никки Хейлинин президенттик жарыштан баш тартуусу Дональд Трамп алдыдагы шайлоодо учурдагы президент Жо Байден менен "реванштык беттеште" Республикалык партиянын талапкери болорун кепилдейт деп белгилейт.

Кыска сөзүндө Хейли тарапкерлерин мурдагы президентке добуш берүүгө үндөгөн жок.

Маалымат үчүн айта кетсек, 5-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда негизги талапкерлер мурдагы президент Дональд Трамп менен азыркы мамлекет башчысы Жо Байден өлкөдөгү эң жогорку кызмат үчүн күрөшөт.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5-мартында АКШнын 15 штатында жана бир аралында Демократиялык жана Республикалык партиялардын праймеризинде АКШнын азыркы президенти Жо Байден менен өлкөнүн мурдагы президенти Дональд Трамп дээрлик бардык шайлоодо жеңишке жетишкен добуштар.

Последние новости