www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер жана Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф АКШ менен Ирандын ортосундагы жашыруун сүйлөшүүлөргө байланыштуу купуя маалыматтарды өздөрүнүн жеке каржылык кызыкчылыгы үчүн колдонгон деп айтылууда.

Бул тууралуу аты-жөнүн атагысы келбеген ирандык расмий өкүл Drop Site News басылмасына билдирген.
Маалыматка караганда, алар купуя маалыматтарды үчүнчү жактарга таратышкан. Ошондой эле бул маалыматтар ортомчулар аркылуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнске жеткирилгени айтылууда.

АКШ администрациясы мындай билдирүүлөрдү кескин четке какты. Ак үйдүн өкүлү Drop Site News басылмасына вице-президентке же анын командасына мындай мүнөздөгү эч кандай маалымат түшпөгөнүн билдирип, бул айыптоолорду жалган деп атады.

Учурда бул дооматтарды тастыктаган көз карандысыз далилдер же расмий документтер жарыялана элек.

Последние новости