www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп TikTok сервисин иштеткен ByteDance компаниясына бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, президент ByteDance компаниясына musical.ly музыкалык тиркемесин сатып алууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Ошондой эле 90 күндүн ичинде TikTok сервисин АКШдагы активдеринен баш тартуусун жана өлкөдө топтолгон колдонуучулардын жеке маалыматтарын өткөрүп берүүнү талап кылган.
"ByteDance компаниясынын ишмердүүлүгү АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет", — деп жазылган жарлыкта.
Документте жазылгандай, ByteDance бирдиктүү платформаны түзүү үчүн өзүнүн TikTok колдонмосу менен musical.ly тиркемесин кошуп, чогуу иштеткиси келгени айтылат.
Булак: NazarNews.kg